Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:01

Жалал-Абад: Ипотекалык компаниянын маянасы боюнча нааразылык чыкты


Жалал-Абадда ипотекалык компаниянын кызматкерлери көп айлык алып жатат деген нааразылык чыкты. 12-декабрда облустук администрацияда турак жайга байланыштуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда бул маселе козголду. Медицина кызматкерлеринин облустук профсоюзунун төрагасы 5-6 миң маянага иштеп жаткан дарыгерлер менен жүз миң сом алып жаткан компания кызматкерлеринин маянасын салыштырды. Ошондой эле аз айлыкка иштеп жаткан дарыгерлердин ипотекалык насыя алууга мүмкүнчүлүгү жоктугун белгиледи. Компаниянын түштүктөгү өкүлү Алмаз Эгемназаров кызматкерлердин маянасы тууралуу журналисттердин суроосуна "жашыруун маалымат" деген жүйө менен жооп берген жок.

Маселе мындан мурда парламентте да көтөрүлгөн. Кызматкерлери 100 миң сомдон айлык алат деген компания коомчулукка ачык эмес деген сын айтылып келет. Жалал-Абад облусу боюнча 600дөн ашык жаран ипотека алуу максатында кайрылган, алардын 60тан ашыгынын гана арызы канааттандырылды. (RsK)

XS
SM
MD
LG