Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Сребреница соту: айыпталуучулар судьяларга ишенбейт


Сребреница курмандыктарын эскерүү, Босния, 25-ноябрь, 2016-жыл.
Сребреница курмандыктарын эскерүү, Босния, 25-ноябрь, 2016-жыл.

1995-жылдагы Сребреница кыргыны боюнча айыпталып жаткан сегиз адамдын адвокаттары ишти карай турган үч судьяны алмаштырууну талап кылышты. Мындан улам Сербиянын борбору Белградда бүгүн баштала турган соттук териштирүү кийинкиге калды. Судьяларды алмаштыруу өтүнүчү боюнча чечим 13-декабрда чыгат деп күтүлүүдө.

Сербия сегиз миңдей мусулман эркектердин өмүрүн алган Сребреница кыргыны боюнча биринчи жолу шектүүлөрдү сот жообуна тартып жатат. Сегиз шектүүгө Сребреницанын жанындагы Кравица шаарында жүздөгөн мусулмандарды өлтүрүүгө катышкан же буйрук берген деген айып коюлууда. Алар босниялык сербдердин “Яхорина” аттуу атайын даярдыктагы полиция бөлүгүнүн мүчөлөрү болгон.

XS
SM
MD
LG