Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:25

Активист референдумга байланыштуу пикетке чыгат


Өндүрүш Токтонасыров
Өндүрүш Токтонасыров

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Баш мыйзамды өзгөрткөн референдум кабыл алынганына байланыштуу бүгүн Ак үй алдында пикет өткөрөт. Ал Жогорку Кеңештеги көпчүлүк депутаттар Конституцияны өзгөртүү боюнча президенттик аппарат сунуштаган референдумду өткөрүүгө колдоо көрсөттү деп, алардын мандатын тапшыруусун талап кылмакчы.

Баш мыйзамды өзгөртүү менен Кыргызстан эл аралык абройун төмөндөттү деп эсептеген активист эл өкүлдөрүн мамлекеттин келечегин ойлобогон кишилер деп күнөөлөп жатат. Ошондой эле 2020-жылга чейин өзгөртүлбөйт деп айтылган Баш мыйзамды кайра алмаштыруу кыргыз бийлигинин туруктуу саясаты жоктугун айгинелерин кошумчалайт.

11-декабрда өткөн референдум менен Конституция өзгөрдү. Анда президенттин ыйгарым укуктары кыскартылып, өкмөт башчы менен депутаттардыкы жогорулады. Айрым саясатчылар жана серепчилер муну бийликтин көз боёмочулугу катары баалап, мамлекет башчы кызматтан кеткенден кийин да анын пайдасына иштеген Баш мыйзам катары сыпатташууда. Ак үй муну четке кагып, Кыргызстандын саясий өнүгүүсүнө өбөлгө болорун белгилейт.

Жаңы Конституция бир жылдан соң күчүнө кирет. (SE)

XS
SM
MD
LG