Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:30

"Чет элдиктерди каттоо" мыйзамын жокко чыгаруу талабы коюлууда


Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында туризм менен алектенген жарандар президент Алмазбек Атамбаевге жана Жогорку Кеңеш депутаттарына видеокайрылуу жолдошту. Анда "Чет элдик жарандарды милдеттүү түрдө каттоо жөнүндөгү" мыйзамды чакыртып алуу талабы сунушталган. Караколдо конок үйүн иштеткен Александр Шелгачевдун айтуусунда, бул документ туристтердин келишине жолтоо болот:

- Бул элдин талабы. Анткени, алар жөн эле убакыт коротуп жатышат. Андыктан бул мыйзамды жокко чыгаруу өтүнүчү менен бийликке кайрылып жатабыз.

Караколдуктар туристтердин көпчүлүгү Кыргызстанга атайын жолдомо аркылуу келбейт дешип, алар кандай эс алууну өздөрү каалагандай мерчемдей турганын, андыктан аталган мыйзам чет элдиктердин өлкөдө жүрүшүн кыйындатарын айтышууда. Бул чакырыкты Кыргызстандагы туроператорлор бирлиги да колдоп чыкты.

Кыргызстанда 4-ноябрдан тарта беш күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүктөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек, деген мыйзам күчүнө кирген. (NT)

XS
SM
MD
LG