Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

91 өлкө жарандары үчүн каттоо мөөнөтүн узартуу долбоору талкууда


Польшалык турист Кристиан Фреддин Кыргызстандан тарткан сүрөтү.
Польшалык турист Кристиан Фреддин Кыргызстандан тарткан сүрөтү.

Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, токтом долбоорунда чет элдик жарандардын Кыргызстанда 30 күн каттоосуз жүрүүсүнө уруксат берүү сунушталган:

- Азыр бул документ коомдук талкууда. Бир жума ичинде кабыл алынат деген ойдобуз. Анда 91 өлкөнүн тизмеси жазылган. Долбоор туризмди өнүктүрүүгө оң таасир этет.

Кыргызстанда 4-ноябрдан тарта беш күндөн ашык жүргөн чет өлкөлүктөр милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек, деген мыйзам күчүнө кирген. Туризм, бизнес тармагындагы адистер бул жободон улам сырттан келгендердин укугу бузуларын, туристтерди тартууга терс таасир этерин айтып келишкен. 11-ноябрда Мамлекеттик каттоо кызматы 90дон ашык мамлекет атуулдарына өлкөдө 30 күн каттоосуз жүрүүгө уруксат берген токтом долбоорун өкмөткө сунуштап, ал коомдук талкууга коюлган. (NT)

XS
SM
MD
LG