Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:42

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, кыргыз-казак чек арасындагы Казакстандын "Аухатты", "Кордай", Кыргызстандын "Кең-Булуң", "Ак жол" өткөрмө бекеттери 13-декабрда саат 11.30дан тарта эки саатка убактылуу жабылды. 14-декабрда "Ак жол" жана "Кордай" бекеттери да жүргүнчү, автоунаа, жүк өткөрүүгө убактылуу жабык болот. Буга Казакстандын өз бекеттериндеги электр подстанцияларын оңдоп жатканы себеп. Казак тарап эртең оңдоо иштеринин башталары тууралуу Кыргызстанга бир саат мурун кабар берет. Эки өлкө ортосундагы башка чек ара бекеттери кадимкидей эле иштеп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG