Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

ДСУ: безгекке каршы күрөшүүдө каражат тартыш


Дүйнөлүк саламаттык уюму безгек менен күрөшүүгө каражат табуу барган сайын кыйындап бара жатканын кабарлоодо. Маалыматка караганда, чиркейден жугуучу коркунучтуу бул дартты токтотууга багытталган фонддогу акча азайып, ооруну көзөмөлдөө татаалдашып бара жатат. 2000- жылдан 2015-жылга чейин 2,9 миллиард доллар безгекке каршы күрөшкө сарпталган.

Анын натыйжасында акыркы 15 жылда безгектен өлгөндөрдүн саны кескин кыскарды. Африкада бул көрсөткүч 62 пайыз болду. Сахара чөлкөмүндө 92 пайызга азайган. Ошентсе да безгек жайылган өлкөлөр дале бар экенин жана андан көбүнчө жаш балдар жабыр тартып жатканын аталган уюмдун экономисти Ричард Сибулскис ырастады.

Адистер глобалдык деңгээлде безгекти жок кылыш үчүн 2016-жылга 3,8 миллиард доллар керек экенин, бул каржылоо 2020-жылы 6,4 миллиардга жетерин боолгошууда. Безгекке каршы чараларга мамлекеттик бюджеттен эң көп акча которгон өлкөлөрдүн башында АКШ менен Британия турат. (BCh)

XS
SM
MD
LG