Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:54

Оштун мэри шоопуру жол эрежесин бузганын моюнга алды


Ош шаар мэри Айтмамат Кадырбаевдин кызматтык унаасы.

Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат катчысы Гүлжамал Жороева “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын ырасташынча, Айтмамат Кадырбаев өзүн ташып жүргөн кызматтык машине светофордон кызыл күйгөн кезде өтүп баратканын видеодон тааныган. Шаар башчысы жол кайгуул кызматынын 0001 ZA мамлекеттик номурлуу жолтандабастын айдоочусуна айыппул салышына каршы эмес.

Мындан бир нече күн мурун мамлекеттик номуру даана көрүнбөгөн, бирок шаар башчыны ташыган кызматтык унаага окшош Land Cruiser 200 үлгүсүндөгү автоунаа жол эрежесин бузганы тартылган видео интернетте тарап, элдин кызуу талкуусуна түшкөн болчу.

Ош шаардык жол кайгуул кызматы бул машиненин кимге таандык экени аныктала элек деген жүйө менен ачык айтпай жаткан. (YI)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG