"Жүрөктүн шыбыры"
Акын жана журналист Бурулкан Сарыгулованын “Жүрөктүн шыбыры” аттуу поэзия кечеси өтөт. Бишкектеги Улуттук филармонияда боло турган адабий иш-чарада акындын ырлары окулат. Кечени “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду уюштурууда. Поэзия кечеси 16-декабрда кечки саат беште башталат. Кирүү акысыз.