Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:49

Барак айылындагылар медицина кызматкерине муктаж болууда

Кыргыз-өзбек чек арасынан ары-бери каттоо соңку 6 жылдан бери татаалдашып кетти.
Кыргыз-өзбек чек арасынан ары-бери каттоо соңку 6 жылдан бери татаалдашып кетти.

Кыргызстандын Өзбекстандагы анклавы Барак айылында жашагандар медицина кызматкерлерине муктаж болууда. Кыштакта 2008-жылы курулган фельдшердик-акушердик пункт адис жоктугунан иштебей турат. Бул тууралуу айылдын башчысы Бурханбек Ашуров “Азаттыкка” билдирди:

- Эл өзү менен өзү. Ооруп калышса эмчи-домчулар менен дарылап жүрүшөт. Чек арадан өтүп, базарга барганда дары-дармек алып келип коюшат. Өтө олуттуу ооругандарды чек арачылар менен сүйлөшүп Ошко жөнөтөбүз.

Учурда айылдагы 23 түтүндө 92 киши жашайт. Кара-Суунун Сары-Колот деген жеринен Барактын тургундарына деп 150 жер тилке ажыратылган. Бирок 13 кожолук гана үйдү бүтүрүп киришти. Мамлекет 200 миң сомдон жардам берген.

Айылдагы мектепте жети окуучу ар кайсыл класста окушат. Аларга эки мугалим сабак берет. (SE)

XS
SM
MD
LG