Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:24

БУУнун эксперттери Атлантикадагы эң бийик толкунду ырастады


Антлантика океанынын түстүү картасы.
Антлантика океанынын түстүү картасы.

Дүйнөлүк Метеорология уюмунун 13-ноябрдагы жарыясы Атлантиканын Түндүк бөлүгүндө, Британия менен Исландиянын ортосунда катталган көрүнүш үч жарым жылдан ашуун иликтегенден кийин чыкты.

Эми океанограф окумуштуулардын бүтүмүнө караганда, 2013-жылдын 4-февралында катуу сууктан улам кубаты саатына 80 чакырым болгон шамалдын натыйжасында жаралган толкундун бийиктиги алты кабат имараттан да ашып, 19 метрге чаап барган.

Бул жаңы рекорд Дүйнөлүк Метеорология уюмунун аба ырайы менен климаттын адаттан тыш көрүнүштөрүн камтыган архивине киргизилди.

Толкундун бийиктиги боюнча мурдагы рекорд да Түндүк Атлантикада, 2007-жылдын декабрында катталып, анда 18,3 метр болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG