Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын ырасташынча, 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында мурда адам өлтүрүү боюнча айыпталган талапкер аныкталып, саясий жарыштан четтетилген.
- Талапкерлердин баарын текшергенбиз. Бизге өтүнүч жибергендердин баарына маалымдама берилген. Алардын ичинен Чүй облусунун тургунун таап чыктык. Ага көп жыл мурда адам өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголуп, сотко ашкан экен. Бирок азыр сот бүтүп, жарандык иштери менен алектенип жатыптыр. Учурда ал тууралуу маалымат дагы такталууда.
Эреже боюнча шайлоого катыша турган талапкерлердин баары ИИМдин маалымат борборунан соттолгону бар же жогу тууралуу документти БШКга тапшырууга милдеттүү. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого чейин талапкерлердин соттуулугу боюнча тизме тактоо кечеңдеп жатканын билдирген.
Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин 13-декабрдагы жыйынында ички иштер министринин орун басары Данияр Абдыкаров быйылкы шайлоодо жалпысынан кылмыш топтору менен байланышы бар болушу мүмкүн деген 8 талапкер боюнча материал БШКга жиберилгенин айтты. Мурунку шайлоодо бир катар жергиликтүү кеңештерге кылмышка аралашкан адамдар келгени ачыкка чыккан. (NT)