Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 03:34

Кытай менен инвестициялык кызматташтык келишими түзүлдү


Кыргызстандын Экономика министрлиги билдиргендей, 12-декабрда Бишкекте Инвестиция тартуу мамлекеттик агенттигинин директору Алымбек Орозбеков жана Кытайдын Паньцзинь шаар башкармалыгынын өкүлү Ху Дэсян инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу келишимге кол коюшту. Ага министр Арзыбек Кожошев да катышты. Документке ылайык, эки тарап мунайды кайра иштеткен завод куруу жана реконструкциялоо, нефти кендерин казууга байланышкан долбоорлор аркылуу кызматташат. (NT)

XS
SM
MD
LG