Кыргызстанда 15-декабрда жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактар жана жолдор тайгак, тоңголок болот. Түштүк-чыгыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +9…+14;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8;
Талас облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +7…+12;
Баткенде түнкүсүн -3…+2, күндүз +6…+11;
Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -1…-6;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз +7…+12;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз +4…+9;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -5…-10 градус суук болот.
Бишкекте 15-декабрда жаан-чачын жок. Түштүк-чыгыштан ылдамдыгы 4-9 метрди түзгөн шамал согуп турат. Абанын табы түнкүсүн -1…+1, күндүз 12…14 градуска чейин жогорулайт.
Ош шаарында да эртең жаан, кар жок, абанын табы түнкүсүн 0...-2, күндүз 9...11 градус жылуу болот.
15-декабрга чейин күтүлгөн жаан-чачынга, туруксуз аба ырайына байланыштуу тоолуу райондордо, Бишкек-Ош канжолундагы ашууларда, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу жолунун 65-90-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя жолунун 65-90-чакырымдарында, Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр каттамынын 75-82-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таштын 1-4- чакырымдары, Нарын-Казарман жолунун Кара-Көө ашуусунда, Каракол-Эңилчек каттамындагы Чоң-Ашууда, Барскон-Ак-Шыйрак каттамынын Сары-Мойнок жана Сөөк ашууларында кар көчкү жүрүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болуп, муз каптап турат. Айдоочулар кыймыл аралыгын так сакташы керек, ортодогу аралык 500 метрден узагыраак болушу зарыл.