Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:20

Савченко “Батьковшина” партиясынын катарынан чыкты


Надежда Савченко
Надежда Савченко

Украинанын мурунку өкмөт башчысы Юлия Тимошенко жетектеген партиядан Надежда Савченко чыкканы 13-декабрда жарыяланды. Партиянын маалымдоосу боюнча, Савченко октябрь айынын аягында эле партияга мүчөлүгүн токтоткон. Мындай чечим Савченко Минскиде Чыгыш Украинадагы жикчилдердин лидерлери Александр Захарченко жана Игорь Плотницкий менен жолугушканы маалым болгондон кийин кабыл алынган.

Орусияда туткунда жаткан маалында “Батьковшина” партиясынын тизмеси менен парламентке шайланган Надежда Савченко азырынча фракция мүчөсү бойдон калып, бирок көп узабай көз карандысыз депутат катары иш жүргүзүүнү көздөп жатканын маалымат катчысы Татьяна Проторченко билдирди.

Юлия Тимошенконун айтымында, ал Савченко менен 20-декабрда жолугушууну белгилеген. Мына ошондо фракция мүчөлүгүн токтотуп, каалагандай саясат жүргүзүүнү сунуштайт. Савченко өзү жикчилдер колуна түшкөн украиналык туткундарды бошотуу аракетин улантарын 13-декабрда “Азаттыкка” билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG