Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:37

Финляндия өкмөтү Кыргызстандан азык-түлүк алууга кызыкдаар.


Кыргызстан менен Европа биримдигинин желеги.

Финляндия өкмөтү Кыргызстандан азык-түлүк алууга кызыкдар. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин саясатты өнүктүрүү маселелери боюнча улук кеңешчиси жана элчиси Юхани Тойвонен билдирди. Ал баштаган делегация 14-декабрда Бишкекте премьер-министр Сооронбай Жээнбеков менен жолугушту.

Финляндия мамлекети айыл чарба, балык чарбасы, ошондой эле геология тармагында Кыргызстан менен кызматташуу маселесинде программаны сунуштады. Жээнбеков Кыргызстан эки тараптуу ымаланы өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин билдиргенин өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Курамына Финляндия да кирген Европага бажы төлөмсүз товар ташуу жеңилдигин 16 мамлекет алган. Арасында Кыргызстан да бар. Ушул тапта Бишкек чет жакка жылына жалпы 1 миллиард долларлык товар экспорттосо, анын үч гана пайызы Европага кетет. Азырынча бул чөлкөмгө Кыргызстандан негизинен алтын гана экспорттолот. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG