Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:25

Бүгүн Брюсселде Евробиримдик лидерлери кезектеги саммитке чогушулууда. Күн тартибиндеги негизги маселелердин бири Орусияга салынган санкцияларды дагы жарым жылга узартуу же узартпоо. Евробиримдик Украина окуяларына байланыштуу 2013-жылдан бери Орусияга санкцияларды салып, ар жарым жылда узартып келет.

Саммиттин катышуучулары Евробиримдик менен Украинанын саясий жана соода байланыштарын чыңдоо жаатында да сүйлөшөрү күтүлүүдө.

Мындан тышкары Сириядагы кырдаал да талкууга алынат. Ошондой эле Британиянын Евробиримдиктен чыгуу учурундагы маселелери да бейрасмий сүйлөшүлөт деп айтылууда. Кечки тамак учурундагы бул сүйлөшүү британ премьери Тереза Мэйсиз өтүшү белгиленет. (MTo)

XS
SM
MD
LG