Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Тазабек Икрамов 15-декабрдагы жыйында алыскы аймактардагы мектептерди биринчилерден болуп интернетке туташтырууну өкмөткө сунуштады. Ал пилоттук долбоор катары интернетке кошула турган мектептердин тизмесин талап кылып, бул багыттагы тендерди утуп алган компания сапаттуу иш аткарабы деп суроо салды:
- Жетүүгө кыйын болгон Сузак, Чоң Алай райондору, Нарын облусундагы тоолуу айылдардагы мектептерди интернетке туташтыруу каралып жатабы? Же алар дагы унутта калдыбы? Ансыз деле мындай аймактарда билим берүү шарты начар, артта калып жатышат. Андыктан өкмөт аларды биринчи орунга коюп, интернетке туташтырууну көзөмөлгө алышы керек. Мындан тышкары 163 миллион сомго бааланган тендерди жарым баага - 89 миллион сомго бүтүрөм деп утуп алган компания канчалык сапаттуу иш алып барат?
Кыргызстанда жалпысынан 2218 мектеп бар. Билим берүү жана илим министрлиги быйыл 620 мектепти интернетке туташтыруу боюнча тендер жарыялап, долбоорду ишке ашыруу үчүн 163 миллион сом каралган. Сынакка алты компания катышып, алардын ичинен"Ай-Спейс" жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү деп табылган. (NT)