Москвада террорчул бомба чабуулун уюштурууну көздөгөн деп шектелген төрт киши камакка алынды. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы кармалгандар Молдова жана Тажикстандын тургундары экенин, алардын жанынан курал-жарак табылганын кабарлады.
Бул мекеме “шектүүлөр өтө кубаттуу жардыруучу заттарды колдонуу менен Москвада ири террордук чабуулга камданган” деп белгиледи. Маалыматка ылайык, алар “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун Түркиядагы мүчөлөрүнөн буйрук алып турушкан.
Федералдык коопсуздук кызматы быйыл Орусияда террорчулукка байланыштуу 42 кылмыштын алдын алганын билдирди.