Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Жапон-орус сүйлөшүүсүндө аралдар боюнча келишим жок


Орус-жапон лидерлери.
Орус-жапон лидерлери.

Жапонияга келген орус президенти Владимир Путин жана жапон премьер-министри Синдзо Абэ эки өлкө ортосундагы талаштуу аралдарда биргелешкен экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу маселесин сүйлөштү. Бирок Экинчи дүйнөлүк согуштан бери жапон-орус алакасына көлөкө түшүрүп келген аралдардын макамы боюнча олуттуу келишимдер жетишилген жок.

Кремлдин өкүлү Юрий Ушаков аралдардагы ыктымал экономикалык долбоорлор боюнча эксперттер сүйлөшүү өткөрө баштайт деп кабарлады.

Жапонияда Хоккайдо, Орусияда Курил деп аталган бул аралдарды Советтер союзу согуш аяктагандан кийин ээлеп алган. Арал талашынан улам совет бийлиги Жапония менен согуштун аяктаганын күбөлөгөн тынчтык келишимине кол койгон эмес.

XS
SM
MD
LG