Президент Алмазбек Атамбаев жыл этегине чейин мамлекеттик сапар менен Индияга барат. Ошондой эле Орусиянын Санкт-Петербург шаарында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейформал саммитине катышат. Январдын башында Кытайга сапар жасап, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул тууралуу мамлекет башчынын аппаратынан билдиришти.
Буга чейин президент декабрда Өзбекстанга да барып, эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзөрү жана Самарканда Каримовдун мүрзөсүн зыярат кылары айтылган. Маалымат азырынча расмий бышыктала элек. (SE)