Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:32

Жалал-Абадга кошумча авиакаттам ачылат


Жалал-Абад аэропорту.
Жалал-Абад аэропорту.

25-декабрдан тарта Бишкектеги "Манас" аэропортунан Жалал-Абад шаарына кошумча авиакаттам ачылып, TezJet компаниясы ар жекшемби “Бритиш аэроспейс–146-200” учагында эл ташый баштайт. Бул тууралуу аталган ишканадан кабарлашты.

Азыр Бишкек-Жалал-Абад багытындагы каттамды ар шаршембиде “Авиа Траффик” компаниясынын “БАэ–146-200” учагы аткарууда. 

Жол киренин орточо баасы 2200 сомдун тегерегинде. Эки шаардын ортосунда учуу убактысы 40 мүнөт. (SE)

 

XS
SM
MD
LG