Сасык тумоого байланыштуу Ысык-Көл облусунда 16 мектеп жана 3 бала бакча жабылды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев "Азаттык" радиосуна билдирди.
Анын айтуусунда, Ысык-Көл, Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорунда тумоо күчөп кеткендиктен, мындай чечим кабыл алынды. 14-декабрга карата дубанда 1129 адам сасык тумоого чалдыккан, 7 миңге жакын адам эмдөөдөн өттү. Алардын көпчүлүгү балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер.(AsM)