17-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, аягы карга айланат. Тоолуу райондорго кар түшөт. Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрди түзөт.
Абанын табы:
Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз -4…+1;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27, күндүз -8…-13;
Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз -4…+1;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2;
Баткен облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2;
Нарында түнкүсүн -19…-24, күндүз -9…-14;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13;
17-декабрда Бишкек шаарында маал-маалы менен жаан жаайт, аягы карга айланат. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 14 метрге жетет. Абанын табы түнкүсүн -1…-3 суук, күндүз -1…+1 градус жогорулайт.