Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:49

Грециялык пенсионерлер нааразылык маршын өткөрүштү


Карылардын нааразылыгы.
Карылардын нааразылыгы.

Миңдеген грециялык пенсионерлер 15-декабрда Афинада нааразылык маршын өткөрүштү. Алар өкмөттүн кембагал пенсионерлерге Рождество учурунда бир берилчү акчалай жардамына нааразы. Айрымдары жасалма акчаларды уучтап, ойкелди ыргытып атышты.

- Биз жакырчылыкта жашап атабыз. Эми болсо мындай шылдыңды көтөрө албайбыз. Алар бизден кабелтең каражаттарды уурдап, кайра күкүмүн сунуп атышат - дейт, 75 жаштагы пенсионер Ставрос Бокиас. ​

Карылардын каңырыгын түтөткөн маселе өкмөттүн пенсияларды кыскартып келип, майрам алдында гана бир ирет жөлөкпул берүү ниети. Планга ылайык, жалпы 617 млн евролук бир жолку жөлөкпул 1,6 млн пенсионерге таратылышы керек. Рождествого карата чечим Афинага каржылык жардам көрсөтүп келген Евротопко да жаккан жок.

Бул арада кризиске батып, алган карызын төлөй албай кыйналган Греция кескин үнөмдөөлөргө аргасыз болууда.

XS
SM
MD
LG