Барак Обама АКШда өткөн президенттик шайлоого кийлигишкени үчүн Орусияга жооп берилерин эскертти. “Кайсы бир чет өлкө биздин шайлоодогу бүтүндүккө таасир этүүгө аракет кылса, биз ага чара көрүшүбүз керек. Көрөбүз дагы”, - деди Обама Улуттук радиого берген маегинде.
Анын бул сөзү шайлоо кампаниясы учурундагы хакердик чабуулдарга орус президенти Владимир Путин жеке өзү аралашкан деген пикирлерге дал келди.
15-декабрда Обаманын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Бен Родс мындай маанилүү киберчабуул үчүн Путиндин макулдугу керектигин айткан. Ошол эле учурда мамлекеттик катчы Жон Керри жакынкы жумаларда бул боюнча кенен маалыматтар ачыкка чыгарын билдирди.
АКШ бийлиги шайлоодо Трампка жардам берүү максатында Орусия Демократиялык партиянын серверлерине бир нече ирет киберчабуул жасаганын билдирген. Кошмо Штаттардын шайланган президенти Дональд Трамп да, Орусия да муну четке кагып келет.