Евробиримдик Орусияга карата экономикалык санкцияларды дагы жарым жылга узартты. Чечим бейшембиде Брюсселдеги жыйында кабыл алынды.
Мурдараак Германия канцлери Ангела Меркел менен Франция президенти Франсуа Олланд Москва Украина боюнча Минск келишимин аткарбай жатат деп, санкцияларды узартуу керектигин айтышкан.
Батыш Орусиянын Крымды аннексиялап алганы жана Украина чыгышындагы жикчилдерди колдогону үчүн 2014-жылдан бери санкцияларды салып, ар жарым жылда узартып келет.