Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:41

Бул тууралуу Кара-Буура районунун акими Баратбек Сыдыкназаров "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, айылга макам берүү зарылчылыгы тургундардын ичинде казак жарандыгын алгандар көбөйүп жатканына байланыштуу чыгууда.

Айылдагы 200гө чукул түтүндүн 100 чамалуусу казак атуулдугун алган. Айылдыктардын казак атуулдугун алуусуна жумушсуздук себеп. 16-декабрда «Маймак анклав болуу коркунучундабы?» деген темада тегерек үстөл өтүп, жергиликтүү эл мамлекеттен, бийликтен колдоо сурашты.

Жыйынга Маймак айлынын тургундарынан тышкары, мамлекеттик чек ара кызматынын, тышкы иштер министрлигинин чек араларды делимитация, демаркациялоо бөлүмүнүн өкүлү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты. ,

Маймак айылында жашагандар жумушсуздуктун айынан казак жарандыгын алып, Казакстанга өтүп иштөөгө мажбур болуп жатканы тууралуу "Азаттык" буга чейин жазып чыккан эле.

Маймак айылы облус борборунан 105 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бүгүнкү күндө 90 пайыз дотацияда турат. (AlS)

"Азаттыктын" архиви: Маймакта казак жарандыгын алгандар көбөйдү. 2-ноябрь, 2016-жыл

XS
SM
MD
LG