Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:34

Референдум жана шайлоонун жыйынтыгы талкууланат


Талкууну “Конституциялык кеңешме үчүн” кыймылы уюштурууда. Анда 11-декабрда болуп өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоо, Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча Референдумдун жыйынтыктары тууралуу сөз болот. Бул тууралуу аталган кыймылдын мүчөсү Равшан Жээнбеков “Азаттыкка” билдирди:

- Референдумга жана жергиликтүү кеңештерге добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарабыз. Кетирилген кемчиликтери, жетишкендиктер болсо, аны да айтып, жыйынтык чыгаруу максаты менен тегерек үстөл уюштурабыз.

Жыйынга жарандык коом, бийликтен, саясий партиялардан өкүлдөр чакырылган.

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча Референдум өткөрүү демилгеси күч алып жаткан чакта саясий жана жарандык активисттер “Конституциялык кеңешме үчүн” деген кыймыл түзүшкөн. Алар Баш мыйзамды өзгөртүү үчүн кеңешме чакыруу зарылдыгын белгилешип, Референдумду 2020-жылы өткөрүүнү сунушташкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG