Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:15

“Айыл банктын” башчысы алмашты


Банктын башкармалык кеңешинин төрайымы Бактыгүл Жээнбаева жетекчилик милдетин мөөнөтүнөн мурда, 16-декабрдан тарта токтотту. Мындай токтомду “Айыл банктын” директорлор кеңеши кабыл алып, Жээнбаева менен түзүлгөн эмгек келишимин бузду.

Бактыгүл Жээнбаева бул кызматта 25-марттан бери иштеп жаткан.

Директорлор кеңешинин дагы бир токтому менен “Айыл банктын” башкармалык төрагасынын милдети Мурат Акимовго убактылуу жүктөлдү. Мурат Акимов башкармалык төрайымынын орун басары болуп иштеп келген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG