Боршайком мүчөлөрү бүгүн жыйынга чогулуп, референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодогу нааразылык актыларын карайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” БШКнын басма сөз кызматынан маалымдашты.
11-декабрда жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдумга добуш берүү учурунда айрым жабдуулар иштебей калган. Кээ бир партиялар добуштарды сатып алуу аракетинде шайлоочуларга акча сунуштаганы, бюджеттик кызматкерлерге референдумга добуш берүүчүлөрдү алып келүү милдеттендирилгени жана башка мыйзам бузуулар болгону тууралуу айрым байкоочулар айтып чыгышкан. (ZKo)