Алардын жетөөсү полицейлер, экөөсү жергиликтүү жайкын тургун, бирөөсү канадалык турист. Булардан сырткары дагы жыйырма жети киши жаракат алды.
Иорданиянын жалпы коопсуздук боюнча мекемеси билдиргендей, согушкерлер полициянын патрулуна кол салгандан соң туристтер көп барган, орто кылымдарда курулган сепилдин ичине кирип, жашырынып алышкан.
Өлкөнүн түштүк бөлүгүндө, борбор Аммандан 120 чакырым алыстагы Карак деген шаарда жасалган бул кол салуу акыры жылдагылардын эң олуттуусу болду.
Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек, согушкерлердин ким экени да беймаалым. Алар кирип алган сепилде белгисиз сандагы туристтер да бардыгы кабарланууда.
Иордания - “Ислам мамлекети” тобуна каршы АКШ баштаган коалициянын мүчөсү.
Коңшу Сирия менен Ирактагы согуштардан ал дагы жабыр тартып келген. (UE)