Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Жалал-Абад: талаштуу участкадагы добуштар жараксыз деп табылды

Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Жалал-Абад шаарындагы №2096 добушканадагы жыйынтыктар жокко чыгарылды. Аймактык шайлоо комиссиясынан "Азаттыкка" билдиришкендей, 11-декабрда бул добушканада шайлоо кечки саат 20:00дө токтобой 23:00гө чейин уланган. Мындан тышкары шайлоого катышкан жарандардын саны бюллетендердеги эсептен ашып кеткен.

Мындай эреже бузууларды "Демократия жана жарандык коом үчүн" коалициясы жарыялап, шайлоо комиссиясынан жыйынтыктарды жокко чыгарууну өтүнгөн. Шайлоо жыйынтыгы боюнча бул участкада 1600дөн ашык добуш саналып, КСДП партиясы алдыга чыккан болчу. (RsK)

XS
SM
MD
LG