Жалал-Абад шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген 140 адамга сентябрь айынан бери пенсия чегерилбей жатат. Бул тууралуу шаардык социалдык фонд башкармалыгынын бөлүм башчысы Айдана Зулпукарова "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтуусунда, мындай абалга Жалал-Абад, Ош жана Баткен шаарлары ушул жылдын август айынан тартып жаңы программага өткөнү себепкер болууда. Бишкек шаарындагы департаментте да штаттык кыскартуулардан улам кечигүү болуп жатканын Зулпукарова кошумчалады:
- Биз бул жакта документтерди базага киргизип, борбордон эле жооп күтүп атабыз. Акчасын сурап келген шаардыктарды сабырдуулука чакырып, күтүп турууну эскертип келебиз.
Жалал-Абад облусу боюнча 15 минден ашык адам майыптык алган. Ай сайын 1-топтогу майыптарга 4700, 2-3 топтогуларга 3 миң сомго чейин жөлөк пул берилет. (RsK)