АКШда бүгүн шайлоочулар коллегиясы 45-президент үчүн добуш беришет. Коллегиянын жалпы 538 мүчөсү 8-ноябрдагы шайлоонун ар бир штаттагы жыйынтыгына ылайык талапкерлерге формалдуу түрдө бюллетень салышат.
Мындай жараян Америкадагы 50 штатта жана Вашингтондө өткөрүлөт. Шайлоонун жыйынтыгы боюнча республикачылардын талапкери Дональд Трамп шайлоочулар коллегиясынын 300дөн ашыгынын добушуна ээ болгон. Президент болуу үчүн 270 добуш жетиштүү.
Демократтардын талапкери Хиллари Клинтон өлкө боюнча атаандашынан көбүрөөк добуш топтогону менен шайлоочулар коллегиясынын 230дан ашык мүчөсүнүн гана добушуна ээ болгон. Анын тарапкерлери шайлоочулар коллегиясына кайрылып, Дональд Трампка каршы добуш берүүгө чакырышууда.