Чеченстандын бийлиги дем алыш күнү полиция менен атышкан адамдардын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна байланышы бар экенин билдирди. Расмийлердин айтымында, полиция атып өлтүргөн жети жоочунун бирөө Сириядагы командири менен интернет аркылуу кабарлашып турган. Калган алты адам Түндүк Кавказда полиция кызматкерлерине кол салганы үчүн издөөдө жүрүшкөн.
Дем алыш күндөрү баш калаа Грозныйдын четиндеги эки жерде атышуу болгон. Чечен расмийлери анда жети жоочу өлтүрүлүп, төртөө кармалганын билдирсе, Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров мерт болгондордун саны 11ге жеткенин айтты.
4-декабрда да Грозныйдын айланасында атышуу болуп, андан кеминде 14 полиция кызматкери набыт кеткен.