Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:41

Автоунаа сүзүп кеткен студент кыздын абалы оор


Жол кырсыгына кабылган кыздын абалы оор экенин Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков "Азаттык" радиосуна билдирди. Жол кырсыгына кабылган студент кыздардын бири 18-декабрда ооруканада өзүнө келбей каза тапты. Экинчиси оор абалда дарынын күчү менен кармалууда.

14-декабрда Бишкектин Медеров көчөсүндө Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык академиянын эки студентин "Хонда-Фит" үлгүсүндөгү машине коюп кеткен. Андан кийин автоунаа токтоно албай каршылаш тарапта келе жаткан "Ауди" жеңил автоунаасы менен кагылышкан. Кырсыктан кыздардын биринин башы жанчылып, өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон жок. Ал эми реанимацияда жаткан жарандын мээси чайкалып, жамбаш сөөктөрү сынган. Кыздарды сүзгөн машиненин айдоочусу да учурда бейтапканада.

XS
SM
MD
LG