Швейцариянын түндүк-чыгышында жайгашкан Цюрих шаарындагы Ислам борборунун жанында дүйшөмбү күнү болгон атышуудан бери дегенде үч адам жараат алды. Полиция өкүлү Associated Press агенттигине билдиргендей, белгисиз киши имараттын ортосунда топтолуп турган адамдарга ок чыгарган.
Күч органдары кол салууну уюштурган адамдын тек-жайы азырынча белгисиз экенин маалымдады. Ок аткан адам качып кеткен. (SE)