Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:18

Таласта электр акысын төлөбөгөн мекемелердин жарыгы бүгүн өчүрүлөт


Таласта электр энергиясына карызы бар бюджеттик мекемелердин жарыгы бүгүн өчүрүлөт. Аларга акчаны 20-декабрга чейин төлөө талабы коюлган. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна «Түндүк электр» ачык акционердик коомунун Таластагы филиалынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас облусу боюнча бюджеттик мекемелердин карызы 1-декабрга карата 37 миллион 605 миң сомду түздү. Негизинен 70 пайызга чейин дотацияда олтурган айыл өкмөттөрүнүн бересеси көп.

Былтыр ушул мезгилде бюджеттик мекемелердин карызы 27 миллион 90 миң сом болгон.

Мыйзам боюнча, өчүрүлгөн жарык акча төлөнгөндө гана берилет. (AlS)

XS
SM
MD
LG