Линктер

ишемби, 25-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:25

Кыргызстандын мыкты спортчуларын тандоо багытында өтө турган Sports Awards-2016 салтанатынын алкагында добуш берүү уланууда. Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, быйыл улуттук, олимпиадалык жана олимпиадалык эмес түрлөр боюнча 11 багытта спортчулар тандалат. Ар бир номинацияга үчтөн талапкер бар.

Андан тышкары "Мыкты спорттук облус", "Мыкты спорт ардагери", "Мыкты спорттук окуу жай", "Эрдиги үчүн" багытында да жеңүүчүлөр аныкталып, эстелик сыйлык берилет.

Добуш берүү 1-декабрда башталган. Мыктыларды аныктоо интернет сурамжылоо жана 10 кишиден турган Эксперттик комиссиянын добуш берүүсүнүнүн жыйынтыгында белгилүү болот. Жыйынтыгы 2017-жылдын 15-январында чыгарылып, сыйлоо аземи өтөт.

Иш-чараны topsport.kg басылмасы 2014-жылдан бери өткөрөт. Быйыл салтанаттын расмий жобосу жазылып, өкмөттүн алдындагы Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча агенттик менен макулдашылды. (ECh\SE)

XS
SM
MD
LG