Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:18

Малды жасалма уруктандыруу тууралуу мыйзамга кол коюлду


Кыргызстан менен Индонезия өкмөтү, Ислам өнүктүрүү банкы жана Сингосари улуттук борборунун ортосунда түзүлгөн макулдашууга ылайык, малды жасалма уруктандыруу боюнча меморандумду ратификациялоо тууралуу мыйзамга кол коюлду.

Аталган багытта Өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу меморандуму быйыл 29-июлда түзүлгөн. Андан соң мыйзам иштелип чыгып, 16-ноябрда Жогорку Кеңеште кабыл алынган.

Мыйзам жергиликтүү калктын малынын продуктуулугун жакшыртууну көздөйт. Анын алкагында эл аралык стандарттарга ылайык, малды жасалма жол менен уруктандыруу ишиндеги тажрыйба жана билимди өздөштүрүү жолго коюлат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. (SE)

XS
SM
MD
LG