Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:03

Бүгүн ЖМК жөнүндөгү мыйзамды өзгөртүү боюнча парламенттик угуу өтөт


Бүгүн “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү боюнча сунуштар парламенттик угууда талкууланат. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, ага депутаттар, мамлекеттик мекеме, жарандык коом өкүлдөрү, журналисттер жана эксперттер чакырылган.

Аталган мыйзамды депутаттар Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Табылды Тиллаев сунуштаган.

Анда жалпыга маалымдоо каражатын негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу экени жазылган.

Чет жактан каржыланган медиа уюмдарга сырттан келүүчү акча жалпы каржынын 20 пайызынан ашпоосу керек деген эреже да жазылган. Бул cунуш сөз эркиндигин чектей турганы белгиленип, жарандык коомдун катуу сынына кабылууда. (SE)

XS
SM
MD
LG