Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Орусия, Түркия жана Ирандын башкы дипломаттары жолугат


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров

Анкарада орус элчиси өлтүрүлгөнүнө карабастан Орусия, Түркия жана Ирандын тышкы иштер министрлери шейшембиде Сирия маселесин талкуулоого чогулат. Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Дүйшөмбү күнү Түркиядагы орус элчиси Андрей Карловго Анкарадагы көргөзмө учурунда костюм-шым кийип, галстук тагынган бир киши ок чыгарып, көп өтпөй элчи алган жараатынан каза болгон. Кол салган адамды полиция атып өлтүргөн. Орус президенти бул окуяны чагымчыл аракет деп мүнөздөдү.

- Бул кылмыш Орусия менен Түркиянын мамилесин жана Орусия, Түркия, Иран сыяктуу өлкөлөр кызыкдар болуп келген Сириядагы тынчтык жараянын үзгүлтүккө учуратууга багытталган”, -деди Орусиянын президенти Владимир Путин.

Түрк бийлиги элчиге 22 жаштагы мурдагы полиция кызматкери Мевлют Мерт Алтынташ кол салганын билдирди. Ага байланышы бар төрт киши кармалды. Айрым түрк расмийлери бул окуя боюнча бозгундагы түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленди күнөөлөштү. Гүлендин өкүлдөрү тескерисинче чабуулду айыптап чыгышты. Түркия бул окуяны Орусия менен бирге иликтеп чыкмай болду.

XS
SM
MD
LG