Кытай Американын Түштүк Кытай деңизинде кармалган суу алдында жүрүүчү дронун кайтарып берди. Бул чечим эки тараптын өткөн аптадагы сүйлөшүүлөрүнөн кийин кабыл алынды.
15-декабрда Кытайдын аскердик кемеси салмагы 60 килограммдык дронду кармап алган. Бул кадам Американын нааразылыгын жараткан. Пентагон алыстан башкарылган бул аппаратта жашыруун технологиялар жок экенин, ал океанды изилдөө үчүн гана колдонуларын билдирген.
АКШнын деңиз флотунда буга окшош 130 чукул дрон бар. Алар беш айга чейин суу алдында жүрө алышат.