Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:00

Президент Атамбаев Германияга көңүл айтты


Алмазбек Атамбаев жана Ангела Меркель, 14-июль, 2016-жыл
Алмазбек Атамбаев жана Ангела Меркель, 14-июль, 2016-жыл

Президент Алмазбек Атамбаев Берлиндеги кайгылуу окуяга байланыштуу Германиянын Федералдык президенти Йоахим Гаукка жана канцлер Ангела Меркелге көңүл айтты.

"Брайтшайдплац аянтындагы тынч жарандарга каршы кылмышка байланыштуу чын ниетимден көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтуумду жана колдоомду, ошондой эле бардык жабыркагандарга тез арада сакайып кетишин кааларымды билдирип коюуну өтүнөм", - деп айтылат Атамбаевдин телеграммасында.

Берлинде 19-декабрда кечинде жүк ташуучу унаа аянттагы жаңы жылдык жармаңкеге 80 метрдей сүзүп кирип, элди тебелеп кеткен. Андан 12 адамдын өмүрү кыйылып, элүүдөн ашуун киши жараат алган.

Германиянын расмий өкүлдөрү окуяны “ыктымал террорчул акт” деп атады. (SE)

XS
SM
MD
LG