Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:44

Иорданияда жоочулар төрт полиция кызматкерин набыт кылды


Иордания тартип сакчылары жоочулар чабуул жасаган аймакта.

Иорданиянын Карак шаарына жакын жерде исламчыл-жоочуларга каршы жүрүп жаткан атайын операцияда төрт полиция кызматкери набыт болду. Бийликтин маалыматына таянып, Reuters агенттиги билдиргендей, алар баш калкалап жатат деп болжолдонгон үйгө 20-декабрда тартип сакчылары бастырып кирген кезде куралдуу каршылык көрсөтүшүп, ортодо атышуу болгон. Жоочулардын баары Иордания жарандары экени айтылууда.

Аталган аймакта эки күн мурун күч орган кызматкерлерине жана туристтерге чабуул жасалган эле. Жыйынтыгында 10 адам көз жумган, арасында канадалык турист аял да болгон. Аларга чабуул койгон төрт адам да өлтүрүлгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG