Өзбекстандын мурдагы президентинин коопсуздук кызматынын башчысы Муиджон Тохирий Бажы комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу жергиликтүү булактарга таянып "Азаттыктын" өзбек кызматы билдирди.
Ислам Каримовдун жеке күзөтүнүн башчысы генерал-майор Муиджон Тохирий 2014-жылы Гүлнара Каримованын үйүн тинтүүдө өзү көзөмөл кылган.
2014-жылы февралда атайын бөлүктүн жоопкерлери Өзбекстандын тунгуч президентинин кызынын үйүнө киришкен. Үйдө Каримова менен анын жарандык күйөөсү Рустам Мадумаров, жеке жардамчылары Гаяне Авакян жана Екатерина Клюева кичинекей баласы менен отурган. Мындан тышкары аларды тейлеген кызматкерлер дагы жүрүшкөн.
Кийинчерээк өзбек прокуратурасынын сайтында Мадумаров, Авакян жана Клюева экономикалык кылмыштарды жасоого шектелип кармалганы жарыяланган.
Тохирий жетектей баштаган Бажы комитетин 2011-жылдан бери башкарып келген Зохид Дусанов Башкы прокуратуранын алдындагы салык, валюта жана арам акчаны адалдоо кылмыштарына каршы күрөшүү департаментинин башчысы болду. Ал бул кызматты мурда дагы башкарган.