Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Сузак: жаштардын мушташынан бир жигит набыт болду

Райондун Мундуз жана Ак-Баш айылдарынын  жаштарынын мушташы бир жигиттин өлүмү менен аяктады. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан "Азаттык" радиосуна билдиришти. Окуя 20-декабрдын түнү орун алган. Каза тапкан бала Мундуз айылынын тургуну, 22 жашта. Ал бычактан алган жараатынан мерт кетти. Анын өлүмүнө шектүү 3 адам  кармалды, алар азыр Сузак райондук милициясында сурак берүүдө. (RsK)

XS
SM
MD
LG