Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:40

Казакстанда тыюу салынган диний уюмдун жактоочулары кармалды


Такфир ал-Хижра тобунун мүчөлөрү Орусияда кармалган учур. Москва, 27-ноябрь, 2013-жыл.

Өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитети бүгүн билдиргендей, Алматы шаарында, ага катар Алматы, Актөбө, Атырау облустарында жүргүзүлгөн контртеррористтик операция учурунда Такфир ал-Хижра деген топтун мүчөсү деп шектелгендер кармалды.

Операциянын жүрүшүндө тыюу салынган бул уюмдун мүчөсү деп шектелген 16 адам кармалган, окуянын калган чоо-жайы белгисиз.

“Ал-Каида“ менен байланышы бар деп саналган Такфир ал-Хижра Орусия, АКШ жана башка бир катар өлкөлөрдө террорчул уюмдардын тизмесине киргизилген. Казакстан да ага 2014-жылы тыюу салган.

Быйыл июнь айында Актөбө шаарында исламчыл согушкер деп шектелген 25 адамдын кол салуусунан беш жайкын тургун жана коопсуздук күчтөрүнүн үч өкүлү мерт болгон. Коопсуздук күчтөрү алардын 18ин өлтүрүп, дагы бир нечесин камакка алган болчу.

Казакстанда соңку кездери бийликтин диний экстремизмге каршы делген чаралары күчөтүлдү. Бирок, бийликтин сынчылары бул айрым учурларда башкача ойлонгондорду басуу үчүн да колдонуларын айтып келишет. (UE)

XS
SM
MD
LG