Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:46

Полиция Берлиндеги кол салуунун күнөөкөрүн издөөнү күчөттү


Жүк машиненин Берлин базарындагы калабасынан кийин. 19-декабрь, 2016-жыл.
Жүк машиненин Берлин базарындагы калабасынан кийин. 19-декабрь, 2016-жыл.

Полиция жүк ташыган унаанын айдоочусу жакын арада табыларына ишеним билдирүүдө, бирок борбордун тургундарына качып жүргөн адам куралчан экенин жана сак болууну эскертти.

Берлинде Иса пайгамбардын туулган күнүнө арналган майрамдык базарга келгендерди жүк машине тепсеп, андан 12 адам набыт кетип, 50дөй киши жаракат алган эле.

19-декабрдын кечиндеги окуядан кийин полиция пакистандык 23 жаштагы мигрантты кармаган.

Бирок анын кол салууга катышканы боюнча эч бир далил табылбаганына байланыштуу кайра бошотулган.

Кечээ “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу Берлиндеги чабуулга шыккак бергенин жана калайманды анын “жоокери” жасаганын айтып чыкты.

2015-жылы өлкөсүнө 900 миңдей качкынды киргизгени үчүн катуу сынга кабылган Ангела Меркел эгер немис борборундагы кол салууну качкын макамын алган же муну көздөп жаткан адам жасаган болсо “жагымсыз” жагдай жараларын белгиледи. (UE)

XS
SM
MD
LG